15-июлу 2025 жылдын
Аптасына үч рейс – жакында саны көбөйөт
TezJet Airlines 2025-жылдын 21-августунан баштап Россиянын Москва шаарына түз аба каттамын ишке киргизерин сыймык менен жарыялайт. Билеттер азыртан эле TezJet авиакомпаниясынын расмий сайтында жана ыйгарым укуктуу саякат өнөктөштөрү аркылуу сатыкка чыкты.
Бишкек (FRU) менен Москва Домодедово аэропортунун (DME) ортосундагы жаңы каттам алгач апта сайын дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Жакын арада бул каттамдардын саны көбөйтүлүп, күнүмдүк аба каттамдары пландалууда.
Рейстер ишенимдүү жана ыңгайлуу MD-83 учагы аркылуу аткарылып, бардык жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу жана коопсуз сапарды камсыздайт.
Рейс № | Учуу шаары | Багыт | Учуу убактысы (STD) | Келүү убактысы (STA) | Аткарылуучу күндөрү |
---|---|---|---|---|---|
1701 | Бишкек (FRU) | Москва (DME) | 06:20 | 07:50 | Дүйшөмбү, Бш жана Ишемби |
1702 | Москва (DME) | Бишкек (FRU) | 08:55 | 16:10 | Дүйшөмбү, Бш жана Ишемби |
“Бул жаңы багыт TezJet Airlines үчүн эл аралык тармакты кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болуп эсептелет. Кыргызстанды дүйнөдөгү маанилүү шаарлардын бири менен түз байланышташтыруу биз үчүн чоң жетишкендик,” – деди TezJet авиакомпаниясынын өкүлү. “Биз ар дайым жеткиликтүү, коопсуз жана ыңгайлуу аба каттамдарын сунуштоого умтулабыз жана Москва багытындагы жаңы рейстерибизде жүргүнчүлөрдү тосуп алууга кубанычтабыз.”
TezJet Airlines Бишкек аркылуу Ош, Ысык-Көл, Каракол, Жалал-Абад жана Ташкент сыяктуу шаарлардан үзгүлтүксүз байланыштарды камсыз кылат. Бул болсо Москвага сапарды бүткүл регион үчүн жеткиликтүү кылат.
Билет алыңыз – бүгүндөн баштап!
Билеттерди www.flytezjet.com сайтынан жана бардык ири саякат агенттиктери аркылуу сатып алууга болот.