«TezJet» ЖЧК Жүргүнчүлөрдүн купуялуулугун урматтайт жана Жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын коргоо боюнча өз милдеттенмелерине өтө олуттуу мамиле кылат. Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо жана аларды мыйзамдуу максаттарда гана пайдаланууну камсыздоо үчүн чараларды көрөт турганына ишенимдүү боло алат.
Бул купуялуулук саясаты Жүргүнчүгө «TezJet» ЖЧК жеке маалыматтын кандай түрлөрүн, качан жана кантип чогултуп, сактап жана пайдалана турганын түшүнүүдө жардам берет. Бул саясатка ишкер зарылчылыкка байланыштуу же мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык «TezJet» ЖЧК кароосу боюнча алдын ала кабарлоосуз каалаган убакта өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
«TezJet» ЖЧК алдын ала Жүргүнчүнүн уруксатын алуусуз Жүргүнчүнүн буйрумтасын иштеп чыгуу үчүн же эгерде муну жасоого юридикалык милдеттенмелерге ээ болбосо, Жүргүнчү жөнүндө жеке маалыматты кандайдыр бир үчүнчү тарапка эч качан атайлап ачыкка чыгарбайт.
Жүргүнчү өзү «TezJet» ЖЧКга берген маалыматты ар дайым билип же текшере алат, же бардык жеке маалыматын өчүрүүнү сурай алат care@tezjet.kg.
Ушул Купуялуулук саясатына байланыштуу «TezJet» ЖЧК тарабынан иштелип чыккан ар кандай жеке маалымат «TezJet» ЖЧКтарабынан контролдонот, ал Европа Бирлигинин жана Улуу Британиянын мыйзамдарына ылайык Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарынын «оператору» деп эсептелет (Маалыматтарды коргоонун жалпы эрежелери 2016/679). Биздин дарегибиз: «TezJet» ЖЧК,Кыргыз Республикасы, 720080, Бишкек ш., Биринчи май району, М. Фучик көч., 49А».
Ушул Купуялуулук саясаты «TezJet» ЖЧК жүргүнчү, тез-тез учуучу жүргүнчүлөр үчүн программанын катышуучусу же потенциалдуу жүргүнчү катары Жүргүнчүнүн «TezJet» ЖЧК менен мамилесине байланыштуу, анын ичинде Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК менен саякаттаганда же «TezJet» ЖЧК кызматын пайдаланганда, «TezJet» ЖЧК вебсайтына же мобилдик тиркемесине киргенде жана колдонгондо, «TezJet» ЖЧК Байланыш борборуна кайрылганда, үчүнчү жактар (мисалы, турагенттер же башка авиакомпаниялар) аркылуу «TezJet» ЖЧК кызматын брондогондо же «TezJet» ЖЧК менен башкача өз ара аракеттенгенде чогулткан, пайдаланган жана иштеп чыккан Жүргүнчү жөнүндө бардык жеке маалыматка карата колдонулат.
«TezJet» ЖЧК Жүргүнчү сураган кызматты көрсөтүү, ошондой эле Жүргүнчүгө керектүү өнүмдү керектүү канал аркылуу керектүү убакта сунуштоо менен анын сапатын жогорулатуу максатында Жүргүнчүнүн жеке маалыматын чогултат жана колдонот.
ФАА, жынысы, кайрылуу формасы, туулган күнү, жарандыгы, жашаган өлкө, паспорттук же башка жеке идентификациялык номери, виза жөнүндө маалымат, фотосүрөттөр, видео, үн жаздыруу;
дарек, телефон номери, электрондук почта дареги, компаниянын аталышы, ишкананын жайгашкан жери;
кредиттик же дебеттик карт жөнүндө маалымат, анын ичинде карттын ээсинин аты, карт номери, банк-эмитент, төлөм дареги жана колдонуу мөөнөтүнүн аяктоо күнү. Эгерде Жүргүнчү башка бирөө үчүн билет сатып алса, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн төлөм маалыматын чогултушу мүмкүн, мында жүргүнчү менен анын рейси жөнүндө түз байланышуусу мүмкүн;
рейс, алынган тейлөө классын жогорулатуулар,Жүргүнчүнүн билетин брондоо үчүн Жүргүнчү колдонгон канал (турагент, вебсайт ж.б.), тамактанууга карата артыкчылыктар, орундар же башка кызматтар, багажга карата талаптар, бирге баруучу жолочулар жөнүндө маалымат; «TezJet» ЖЧК рейстеринде Жүргүнчүнүн сапарына жана мурда сатылып алынган товарга байланыштуу Жүргүнчүнүн каалоолору;
медициналык жазуулар, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр же атайын кызматтарды көрсөтүүгө суроо-талаптар;
Жүргүнчүнүн диним ишенимдерине, медициналык маалыматтарга, ден соолук көйгөйүнө, расалык же этностук тегине тиешелүү болгон диеталык артыкчылыктар;
Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК вебсайтына киргенде же «TezJet» ЖЧК тиркемелеринин бирин пайдаланганда, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн веб-сайтка шилтеме кылган IP-дарегин, МАС-дарегин, браузердин түрүн, операциялык системаны, веб-баракчаны кароодогу жана тиркемени пайдалануудагы жүрүм-турумду каттай алат; «TezJet» ЖЧК Жүргүнчү маалыматтык бюллетенди ачканда же мындай маалыматтык бюллетенде шилтемени басканда автоматтык түрдө кабарлоону алат; Жүргүнчүнүн уруксаты менен «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматты ала алат; Жүргүнчү «TezJet» ЖЧКга Жүргүнчүнүн мобилдик телефонунда сакталган белгилүү бир маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн берүүгө макул болот (мисалы, фотосүрөттөр жана байланыштар). Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндү караңыз (cookie файлдары);
Жүргүнчү менен кайтарым байланыш жана «TezJet» ЖЧК колл-борбору менен электрондук почта аркылуу кат алышуу, жүргүнчүлөр менен өз ара аракеттенүү ж.б.
Жүргүнчүнүн социалдык тармагынын ырастоолоруна жараша «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн социалдык тармагынын провайдеринен маалыматты алышы мүмкүн. Мисалы, Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК кызматтарына социалдык тармактагы эсепке алуу жазуусунун жардамы менен катталганда, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн социалдык тармактагы профилин, анын ичинде байланыш маалыматтарын, Жүргүнчүнүн кызыгууларын жана байланыштарын алышы мүмкүн. «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн социалдык тармагынын провайдеринен ала турган жеке маалыматтар жөнүндө, ошондой эле Жүргүнчүнүн ырастоолорун кантип өзгөртүү жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн вебсайтка кирип, Жүргүнчүнүн социалдык тармагынын провайдеринин купуялуулук саясаты менен таанышыңыз;
Жүргүнчү «TezJet» ЖЧКменен маалыматты бөлүшө алат, мисалы, Жүргүнчү Facebook тармагында «TezJet» ЖЧК үчүн комментарий калтырганда, жүргүнчүлөр үчүн анкетаны толтурганда же сынакка катышуу үчүн өтүнмө жөнөткөндө.
Эгерде Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК корпоративдик, ишкер же мамлекеттик кардарларынын бирине карата кызматкер, саякаттоочу же башка өнүмдөрдү же кызматтарды алуучу болуп саналганда, «TezJet» ЖЧК кардар менен иштөөдөгү Жүргүнчүнүн ролу, Жүргүнчүнүн ишке орношуу түрү, Жүргүнчүнүн табелдик номери, Жүргүнчүнүн кардар менен сапарынын башталыш датасы жөнүндө маалыматты жана иш берүүчү тарабынан төлөнгөн сапар жөнүндө кеңири маалыматты топтошу мүмкүн;
учкан жүргүнчүлөрдүн саны, Интернетти пайдалануу жөнүндө маалымат, Жүргүнчү келген вебсайт, интернет-баннерлер жана «TezJet» ЖЧК маркетингдик өнөктөштөрүнүн вебсайттарында пайда болгон шилтемелер, Жүргүнчүлөрдүн издөө суроо-талабы жана «TezJet» ЖЧК вебсайтында Жүргүнчү караган контент. Бул маалымат «TezJet» ЖЧК «TezJet» ЖЧКнын жүргүнчүсүнүн профилин жакшы түшүнүп, жүргүнчүлөр жөнүндө маалыматты жекелештирип жана кызматтарды сунуштоону жакшырта алышы үчүн статистикалык талдоо үчүн гана бириктирилет.
Жеке маалыматтарды бербөө төмөндөгүлөргө алып келиши мүмкүн 1) «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө сураган кызматты жана/же өнүмдөрдү бере албайт;; 2) «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө акыркы «TezJet» ЖЧКнын өнүмдөрү жана/же ишке киргизүүлөрү жөнүндө маалымдай албайт; жана/же 3) Жүргүнчүнун «TezJet» ЖЧКнын тарабынан уюштурулган сынактарга, акцияларга же сунуштарга катыша албастыгы.
Конкреттүү кызматтар, тиркемелер же иш-чаралар үчүн «TezJet» ЖЧК маалыматтардын башка түрлөрүн чогултуп жана мындай маалыматтарды ушул купуялуулук саясатында көрсөтүлгөндөн айырмаланган максаттар үчүн колдонушу мүмкүн. «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө бул тууралуу Жүргүнчү кызматты алуу же иш-чараларга катышуу үчүн катталганда же тиркемени жүктөгөндө билдирет.
«TezJet» ЖЧКЖүргүнчү төмөндөгүлөрдү аткарганда Жүргүнчү жөнүндө жеке маалыматты чогултат:
Түздөн-түз Жүргүнчүдөн же Жүргүнчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн (б.а. Жүргүнчү ыйгарым укук берген адамдардан же ошол учурда колдонулган «TezJet» ЖЧК коопсуздук жол-жоболоруна ылайык Жүргүнчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн) маалыматтарды чогултуудан тышкары, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчү жөнүндө маалыматты үчүнчү жактардан чогулткан учурлар болушу мүмкүн. Мындай үчүнчү жактарга кирет:
Туристтик агенттер жана Жүргүнчүнүн атынан сапарды тариздеген же жаңырткан же башкача жол аркылуу «TezJet» ЖЧК менен Жүргүнчүнүн атынан өз ара аракеттенген башка адамдар; бул үй-бүлө мүчөсү, туристтик же соода агенти, Жүргүнчүнүн иш берүүчүсү же корпоративдик же топтук брондоонун алкагындагы башка өкүл болушу мүмкүн;
Биздин кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр жана подрядчылар (мисалы, жерде тейлөө операторлору, жүк ташуучулар, агенттиктер, маалыматтарды аналитикалык иштеп чыгууну жана маркетингдик изилдөөлөрдү жеткирүүчүлөр, соода агенттиктери, төлөмдөрдү аткаруу жана алдамчылыктан коргоо боюнча кызматтарды жеткирүүчүлөр);
«TezJet» ЖЧК атынан сынактарды жана башка акцияларды өткөргөн же «TezJet» ЖЧК демөөрчүсү болуп саналган үчүнчү жактар;
Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компаниялар, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташууга катышкан авиакомпаниялар, аэропорттордун тиешелүү операторлору, иммиграциялык, бажы, чек ара жана башка жөнгө салуучу органдар ж.б.;
Биздин өнөктөш-авиакомпаниялар жана авиакомпания менен байланышпаган өнөктөштөр, анын ичинде туристтик камсыздандырууну, автоунаа киресин жеткирүүчүлөр, трансферлерди, отелдерди жеткирүүчүлөр, анын ичинде «TezJet» ЖЧК тез-тез учуучу жүргүнчүлөрдү үчүн программага жана башка жүргүнчүлөр программасына катышкандар; Кадр агенттиктери жана эгерде Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК га жумушка өтүнмө берсе жана Жүргүнчүнүн макулдугун берсе, мурдагы иш берүүчүлөр.
«TezJet» ЖЧК юридикалык, келишимдик негизге ээ болгон жана/же буга Жүргүнчүнүн ачык макулдугу болгон учурда гана Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгат. Авиакомпания катары биздин мыйзамдуу кызыкчылыктарыбыз авиакомпания жана туристтик кызматтарды жеткирүүчү катары «TezJet» ЖЧК кызматтарынын сапатын башкаруу жана жогорулатуу үчүн Жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын пайдаланууда турат.
«TezJet» ЖЧК Жүргүнчү менен макулдашуусун аткаруу, анын ичинде транзакцияларды иштеп чыгуу (мисалы, брондоону тариздөө, Жүргүнчүгө каттамды жөнөтүү), техникалык жардам көрсөтүү, транзакцияларда Жүргүнчүгө жардам көрсөтүү, SMS-билдирүүлөрдү же мобилдик тиркеме/онлайн-каттоону жана өз алдынча каттоону жеңилдеткен тиркеме аркылуу рейстер жөнүндө билдирүүлөрдү берүү, ошондой эле суроо-талаптарга же Жүргүнчүлөрдүн суроо-талаптарына жооптор сыяктуу Жүргүнчүгө кызмат көрсөтүү;
Эгерде Жүргүнчү рейсти башка адамдын атынан брондосо, Жүргүнчү анын жеке маалыматтарын пайдаланууга анын макулдугун алышы керек.
Эгерде Жүргүнчүнүн маалыматтарын иштеп чыгуу кандайдыр бир башка мыйзамдардын таасирине туш болсо, анда Жүргүнчүнүн маалыматтарын иштеп чыгуу үчүн негиз жогоруда берилгенден айырмаланышы мүмкүн жана мындай жагдайларда бардык учурларда ал Жүргүнчүнүн макулдугуна негизделиши керек.
Жүргүнчү эгерде Жүргүнчүнүн суроо-талабы мыйзамга каршы келбесе, ушул Купуя саясаттын «Байланыш маалыматы» бөлүмүндө көрсөтүлгөн дарек боюнча Жүргүнчүнүн өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү менен коштолуучу жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтүп, каалаган убакта Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүн, өзгөртүүнү, жаңыртууну, берүүнү же өчүрүүнү сурай алат же аларды пайдаланууга жана иштеп чыгууга каршылык билдире алат.
Жүргүнчүнүн сапарын уюштурууну жеңилдетүү үчүн «TezJet» ЖЧК көп учурда Жүргүнчүнүн жеке маалыматын үчүнчү жактарга бериши керек болот, анын ичинде:
«TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын электрондук файлдарда сактайт жана Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарына жетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон башка маалыматтык системалардын жеткирүүчүлөрүн пайдаланат.
«TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын бул алар чогултулган максатка, «TezJet» ЖЧКнын юридикалык же ишкер максаттарына жетүү үчүн зарыл болгончо же тиешелүү мыйзамдардын талаптарына ылайык сактайт
Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК нын сактагычынан Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын толук өчүрүү үчүн каалаган учурда care@tezjet.kg дареги боюнча «TezJet» ЖЧК кайрыла алат.
Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын жок кылууда «TezJet» ЖЧК колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларга кайтарымсыздыкты же кайра жасалбоочулукту берүү үчүн коммерциялык негиздүү жана техникалык мүмкүн болгон чараларды көрөт.
«TezJet» ЖЧК Жүргүнчү жөнүндө маалыматтарын мыйзамсыз кирүү мүмкүндүгүнө, кокустан же атайлап манипуляциядан, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоо үчүн «TezJet» ЖЧК керектүү техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрөт. Бул жерге маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу процесстерин жана коопсуздук чараларын, ошондой эле «TezJet» ЖЧК жеке маалыматтарды сактаган системаларга мыйзамсыз кирүү мүмкүндүгүнүн алдын алуу үчүн маалыматтардын сакталышын камсыздоо боюнча чараларды ички текшерүү кирет. Биздин коопсуздук чараларыбыз жаңы технологияларды өнүктүрүүгө жараша өркүндөтүлөт.
«TezJet» ЖЧК жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн бул маалымат «TezJet» ЖЧК иштөөсү, кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн зарыл болгон «TezJet» ЖЧК кызматкерлерине, подрядчыларына жана агенттерине гана берет. Бул адамдар келишим боюнча мындай маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
Эгерде Жүргүнчүнү браузери TLS 1.2 кармабаса, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө транзакциялардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн каалаган браузерди акыркы версияга чейин жаңыртууну сунуштайт, болбосо Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарын берген учур корголбой калышы мүмкүн жана «TezJet» ЖЧК буга байланыштуу кандайдыр бир жоопкерчиликтен баш тартат.
Жүргүнчүлөрдүн брондоо жөнүндө маалыматынын купуялуулугун сактоо менен.Жүргүнчү брондоону жүзөгө ашырганда, Жүргүнчүгө брондоо номери (PNR, жүргүнчүнү каттоо жазуусу) жана/же билеттин номери берилет. Ал электрондук почта аркылуу ырастоодо же жүргүнчүлөрдү брондоодо катталган ар бир адамдын билетинде пайда болот. Жүргүнчү ар дайым Жүргүнчүнү брондоо жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сакташы керек.
Эгерде Жүргүнчү башка адамдар менен саякаттаса жана ага Жүргүнчүнүн айрым брондоо маалыматтарынын жеткиликтүү болушун каалабаса, Жүргүнчү ар бир адам жеке төлөө менен өзүнчө брондоону жасашын тандашы мүмкүн.
Жүргүнчүнүн «TezJet» ЖЧК нын вебсайтына жана мобилдик тиркемесине жетүү мүмкүндүгүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн, «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө паролдорду башка адамдарга ачыкка чыгарбоону же бербөөнү сунуштайт. Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК веб-сайтын жана мобилдик тиркемесин жана/же социалдык тармактарда Жүргүнчүнүн эсепке алуу жазууларын пайдаланууну аяктаганда (өзгөчө бул эсепке алуу жазуулары бир бирине байланыштуу болсо), Жүргүнчү эгерде башкалар Жүргүнчүнүн компьютерине же түзүлүшүнө жетүү мүмкүндүгүн ала алса жана өзгөчө Интернетке кирүү үчүн жалпы жеткиликтүү түзүлүштү пайдаланууда системадан чыгышы керек. Мындай жол менен башка колдонуучулар Жүргүнчүнүн жеке маалыматтарына кирүү мүмкүндүгүн ала алышпайт.
«Фишинг» катары белгилүү болгон интернет-алдамчылык, башкача айтканда алдоо аркылуу жеке маалыматты мыйзамсыз чогултуу практикасы бар. Жагымсыз электрондук каттар үчүнчү тарап мыйзамсыз чогулткан тизменин ичиндеги адамдарга жөнөтүлөт, ал эми алуучулардан «клондолгон» же мыйзамсыз көчүрүлгөн вебсайтта банктык маалыматтарды же паролду киргизүүнү же кайра ырастоону өтүнүшөт.
«TezJet» ЖЧК вебсайтын жана «TezJet» ЖЧК мобилдик тиркемесин пайдалануу менен Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн тузүлүшүндө cookie файлдарын жайгаштыра аларына, ошондой эле cookie файлдарын, IP-даректерин сактап жана аларга жетүү мүмкүндүгүн ала турганына, ошондой эле вебсайтты колдонуу жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана Жүргүнчүнүн онлайн-тажрыйбасын жакшыртуу үчүн башка ыкмаларды пайдалана турганына макул болот.
Буга Жүргүнчүнүн вебсайтты пайдалануусу, Жүргүнчү аны менен кирген браузердин жана түзүлүштүн түрү жөнүндө, ошондой эле Жүргүнчү дүйнөнүн кайсы жеринде жүргөндүгү жөнүндө маалымат кирет.
«TezJet» ЖЧК вебсайтына кирип жана пайдалануу менен, Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүнүн түзүлүшүнө cookie файлдарын жайгаштыра тургандыгына макул болот.
Cookie файлы – бул Жүргүнчү кирген вебсайттан же Жүргүнчү ачкан жана Жүргүнчүнүн веб-браузеринде же Жүргүнчүнүн түзүлүшүнүн катуу дискинде убактылуу сактаган айрым электрондук каттардан жөнөтүлгөн маалыматтын чакан фрагменти. Андан кийин браузер баракчага кийинки жолу кайрылганда cookie файлын серверге кайтарат. Cookie файлдары вебсайтка кирүүнү жекелештирүү жана Жүргүнчү кийинки жолу вебсайтка кайтканда Жүргүнчүнүн колдонуу ыңгайлуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берет.
«TezJet» ЖЧК веб-сайты колдонуучулар «TezJet» ЖЧК вебсайтын кандай колдоно тургандыгы жөнүндө маалыматты чогултуу үчүн, кирген адамдардын каалоолорун эстеп калуу (мисалы, өлкөнү, тилди) жана ретаргетинг/ремаркетинг максаттарында келген адамдарды профилдөө үчүн cookie файлдарын пайдаланат.
Жүргүнчү Жүргүнчүнүн браузеринде ырастоону активдештирүү менен cookie файлдарын бөгөттөйт, ал Жүргүнчүгө бардык же айрым cookie файлдарын орнотуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок, эгерде Жүргүнчү бардык cookie файлдарын бөгөттөө үчүн Жүргүнчүнүн браузеринин ырастоолорун колдонсо (анын ичинде негизги cookie файлдары), Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК вебсайтынын баарына же бир бөлүгүнө кирүү мүмкүндүгүн ала албайт.
Эгерде Жүргүнчү Жүргүнчүнүн браузери cookie файлдарынан баш тарткандай жөндөбөсө, «TezJet» ЖЧК системасы Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК вебсайтына киргенде дароо cookie файлдарын түзөт. Cookie файлдарын өчүрүү же жок кылуу түзүлүштү идентификациялоонун жана тиешелүү маалыматтарды топтоонун алдын албайт.
Интернет-браузерлери Жүргүнчүгө Жүргүнчүнүн cookie файлдарын ырастоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул ырастоолор негизинен жүргүнчүнүн интернет-браузеринин «Параметрлер» же «Ырастоолор» менюсунда турат. Бул ырастоолорду түшүнүү үчүн төмөндөгү шилтемелер пайдалуу болушу мүмкүн. Болбосо Жүргүнчү кеңири маалымат алуу үчүн Жүргүнчүнүн интернет-браузеринде «Маалымкат» опциясын пайдаланышы керек.
Internet Explorer браузеринде cookie файлдарын ырастоолор
Firefox браузеринде cookie файлдарын ырастоолор
Chrome браузеринде cookie файлдарын ырастоолор
Safari браузеринде cookie файлдарын ырастоолор
«TezJet» ЖЧК вебсайты ыңгайлуулук жана Жүргүнчүлөргө маалымдоо үчүн башка вебсайттарга шилтемелерди камтыйт. Жүргүнчү өз коркунучунда жана тобокелдигинде бул вебсайттарга кирүү мүмкүндүгүн алат жана «TezJet» ЖЧК вебсайттар үчүн жоопкерчилик тартпайт. «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүлөрдүн жеке маалыматтарын «TezJet» ЖЧК вебсайтында жана мобилдик тиркемесинде коргогонуна карабастан, «TezJet» ЖЧК шилтеме кылган башка сайттардын саясатын же Жүргүнчү алар менен бөлүшө турган жеке маалыматтарды пайдалануусун контролдой албайт же алар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Ушул Купуялуулук саясаты башка вебсайттарга жайылтылбай турганына көңүл буруңуз жана «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө алардын конкреттүү саясаты менен таанышууну сунуштайт.
Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК электрондук маалыматтык бюллетени түрүндө билдирүүлөрдү алууга катталат, Жүргүнчү Жүргүнчүгө маалыматтык бюллетенди жана сурамжылоо жана атайын сунуштар жөнүндө жаңылыктар сыяктуу башка билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн Жүргүнчүнүн электрондук почта дарегин пайдаланууга «TezJet» ЖЧК уруксат берет.
Эгерде Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК берилген Жүргүнчүнүн уруксатын артка чакыртып алууну кааласа жана электрондук почта аркылуу маалымат алууну каалабаса, Жүргүнчү электрондук каттын төмөн жагындагы «катталууну токтотуу» шилтемесин басып, муну каалаган убакта жасай алат.
«TezJet» ЖЧКкызматтарынын мүнөзүнө байланыштуу, «TezJet» ЖЧК балдар жөнүндө туристтик маалыматты чогултушу мүмкүн, ал бул мыйзамды, анын ичинде жергиликтүү авиациялык эрежелерди же коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн зарыл болгондо, же башкача жол менен транспорттук муктаждыктарды жана кызматтарды камсыздоо үчүн зарыл болгон жеке маалыматты камтышы мүмкүн. «TezJet» ЖЧК балага транспорттук жана коштоочу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгондо жеке маалыматтарды сакташы мүмкүн. «TezJet» ЖЧК бул мыйзамды сактоо үчүн же коопсуздук максатында зарыл болгон учурлардан тышкары, түздөн-түз балдардан – 18 жашка чейинки курактагы же колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка курактагы балдардан жеке маалыматты билип туруп чогултпайт.
«TezJet» ЖЧК анын веб-сайтына жана мобилдик тиркемелерине кирген жана колдонгон адамдардын жашын аныктай албайт. Эгерде Жүргүнчү «TezJet» ЖЧК Жүргүнчүгө айтпай жана макулдугу жок жеке маалыматтарын берген жашы жете электин ата-энеси же камкорчу (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык) болуп саналса, Жүргүнчү тиешелүү жеке маалыматтарды өчүрүү үчүн at care@tezjet.kg дареги аркылуу «TezJet» ЖЧКменен байланышуусу керек.