TezJet

Сиз менен «TezJet» ЖЧКга ЖЧК ортосундагы макулдашуу

«TezJet» ЖЧКга вебсайтына киргениңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз. Вебсайтты колдонууга киришүүдөн мурун, көрсөтүлгөн жоболор жана шарттар менен жакшылап таанышууну өтүнөбүз. Бул вебсайтка кирүү жана аны пайдалануу менен, сиз ушул шарттарды (мындан ары «Макулдашуу») ырастайсыз жана кабыл аласыз (шартсыз жана кайтарымсыз). Эгерде сиз көрсөтүлгөн шарттарга макул болбосоңуз, «TezJet» ЖЧКга веб сайтын пайдалануудан карманууну жана дароо андан чыгууну өтүнөбүз.

Вебсайт «TezJet» ЖЧКгатаандык жана анын жүргүзүүсүндө турат, анын башкы кеңсеми төмөндөгү даректе жайгашкан: «TezJet» ЖЧК, Кыргыз Республикасы, 720080, Бишкек ш., Биринчи май району, М. Фучик көч., 49А».

Сиз ушул Макулдашууну түзүүгө жана ушул вебсайтты анын бардык жоболоруна жана шарттарына ылайык бул вебсайтты пайдаланууга мыйзамдуу укукка жана жөндөмдүүлүккө ээ экениңизди билдиресиз жана кепилдейсиз.

Сиз «TezJet» ЖЧКга ушул вебсайт аркылуу юридикалык милдеттүү келишимдерди түзүү үчүн чоң экениңизди жана брондоо/сиз же сиздин логиндин маалыматын колдонуучу башка адам пайдаланган кызматтар үчүн «TezJet» ЖЧКга га тиешелүү бардык төлөмдөр үчүн жоопкерчилик тарта турганыңызды убада кыласыз.

Ошондой эле «TezJet» ЖЧКга Купуялуулук саясаты менен таанышканыңызга жана кабыл алганыңызга ынанымдуу болуңуз.

Шарттарды өзгөртүү

«TezJet» ЖЧКга алдын ала кабарлоосуз ушул шарттарды өзгөртө алат. Өзгөртүлгөн шарттар аларды вебсайтта жарыялагандан кийин күчүнө кирет жана ушул вебсайт аркылуу түзүлгөн учурдагы келишимдик макулдашууларга карата ретроспективдик таасирине ээ болушу же ээ болбошу мүмкүн. Ар кандай өзгөртүүлөрдөн кийин сиздин бул вебсайтты колдонууну улантууңуз сиз өзгөртүлгөн жоболорду жана шарттарды кабыл алганыңызды билдирет.

Макулдашуунун толуктугу

Ушул жоболор жана шарттар, ошондой эле «TezJet» ЖЧКга ушул шарттарга байланыштуу башка юридикалык кабарлоолору, саясаттары жана сунуштамалары сиздин бул вебсайтты пайдаланууңузга тиешелүү сиз менен «TezJet» ЖЧК ортосундагы толук макулдашууну түзөт жана мындай предметке тиешелүү тараптардын ар кандай мурдагы сүйлөшүүлөрүн же макулдашууларын (оозеки же жазуу жүзүндөгү), дооматтарын, арыздарын алмаштырат, мында бул вебсайтта мындай оңдоолорду же толуктоолорду жайгаштыруу аркылуу өзгөртүүдөн тышкары, шарттар өзгөртүлбөйт же толукталбайт.

Кепилдиктерден баш тартуу жана жоопкерчиликти чектөө

Жалпы шарттар

Сиз бул вебсайттагы же ал аркылуу программалык камсыздоого жана башка материалдарга жетүү мүмкүндүгүн өз коркунучуңузда жана тобокелдигиңизде гана ишке ашырасыз. «TezJet» ЖЧКга мындай программалык камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө, туруктуулугуна же анда вирустардын жоктугуна байланыштуу эч кандай билдирүүлөрдү, кепилдиктерди же милдеттенмелерди бербейт/жасабайт.

КЕПИЛДИКТЕН БАШ ТАРТУУ

КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРДА КАРАЛГАН МАКСИМАЛДУУ ДЕҢГЭЭЛДЕ «TezJet» ЖЧКга БУЛ ВЕБСАЙТТА КАМТЫЛГАН МААЛЫМАТТАРГА, ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДООГО, ӨНҮМДӨРГӨ ЖАНА КЫЗМАТТАРГА ТИЕШЕЛҮҮ БАРДЫК БИЛДИРҮҮЛӨРДӨН, КЕПИЛДИКТЕРДЕН ЖАНА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДЕН БАШ ТАРТАТ. БАРДЫК МЫНДАЙ МААЛЫМАТТАР, ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДОО, ӨНҮМДӨР ЖАНА КЫЗМАТТАР КАНДАЙДЫР БИР БИЛДИРҮҮСҮЗ, КЕПИЛДИКТЕРСИЗ ЖЕ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРСИЗ, АНЫН ИЧИНДЕ БАРДЫК БОЛЖОЛДУУ КОММЕРЦИЯЛЫК БААЛУУЛУК, КОНКРЕТТҮҮ МАКСАТТАР ҮЧҮН ЖАРАКТУУЛУК, МЕНЧИК УКУКТАРЫ ЖАНА УКУКТАРДЫ БУЗБОО КЕПИЛДИКТЕРИ ЖАНА ШАРТТАРЫ ЖОК, «КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ» ШАРТТА БЕРИЛЕТ.

ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЧЕКТӨӨ

ЭЧ БИР ЖАГДАЙДА «TezJet» ЖЧКга ТӨМӨНДӨГҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ПАЙДА БОЛГОН АР КАНДАЙ ТҮЗ, ӨЗГӨЧӨ, КЫЙЫР, КОКУСТАН, БОЛЖОЛДУУ (АНЫН ИЧИНДЕ, БАШКАЛАР МЕНЕН КАТАР, КИРЕШЕНИ ЖЕ ПАЙДАНЫ ЖОГОТУУ), АЙЫП ЧЫГЫМДАРЫ ЖЕ ЖАЗАЛОО ТАРТИБИНДЕ ЫЙГАРЫЛГАН ЖЕ АДИЛЕТТҮҮЛҮК УКУГУ БОЮНЧА УКУКТУК КОРГОО КАРАЖАТТАРЫ ЖЕ КАМСЫЗДООЧУ ЧАРАЛАР КАТАРЫ ТӨЛӨӨГӨ ЖАТКАН АР КАНДАЙ ЧЫГЫМДАР ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК ТАРТПАЙТ (МЕЙЛИ БУЛ КЕЛИШИМДИ БУЗУУНУН, УКУК БУЗУУЛАРДЫН, ШАЛАКЫЛЫКТЫН, КАТУУ ЖООПКЕРЧИЛИКТИН НЕГИЗИНДЕ ЖЕ БАШКАЧА ЖОЛ МЕНЕН БОЛСУН)

  • ВЕБСАЙТКА КИРҮҮ ЖЕ АНЫ ПАЙДАЛАНУУ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БУЛ ВЕБСАЙТТЫ ЖЕ БУЛ ВЕБСАЙТТА КАМТЫЛГАН АР КАНДАЙ МААЛЫМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУ КЕЧИКТИРИЛГЕНДИГИНИН ЖЕ МҮМКҮН ЭМЕС БОЛГОНДУГУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА; ЖЕ,
  • ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТТАРДЫН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ ЖАНА ПАЙДАЛУУЛУГУ (БИЗ АТКАРГАН АВИАТАШУУЛАРДАН ТЫШКАРЫ).

УШУЛ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЧЕКТӨӨДӨ ЭЧ НЕРСЕ КОЛДОНУУДАГЫ МЫЙЗАМДАРДА ЧЫГАРЫП САЛУУГА ЖОЛ БЕРИЛБЕГЕН ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЖОККО ЧЫГАРБАЙТ.

БУЛ ВЕБСАЙТТЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АЛЫНГАН БИЛЕТТИ ПАЙДАЛАНУУГА БАЙЛАНЫШТУУ АР КАНДАЙ АБА АРКЫЛУУ ТАШУУ ТИЕШЕЛҮҮ ТАШУУЧУНУН ТАШУУ ШАРТТАРЫ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛАТ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ВАРШАВА ЖЕ МОНРЕАЛ КОНВЕНЦИЯСЫ МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН, АЛАР БЕЛГИЛҮҮ БИР ЖАГДАЙЛАРДА ТАШУУЧУНУН ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЧЕКТЕШИ МҮМКҮН. СИЗ ТӨМӨНДӨ БЕРИЛГЕН ТАШУУНУН ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ МЕНЕН ТААНЫШЫП ЧЫГЫШЫҢЫЗ КЕРЕК.

УШУЛ ДОКУМЕНТТЕ ТҮЗ БЕРИЛГЕН АР КАНДАЙ УКУКТАР БИЗДЕ САКТАЛАТ.

Зыяндын ордун толтуруу

Бул вебсайтты пайдалануу шарттары катары сиз бул вебсайтты пайдалануунун кесепетинде пайда болгон дооматтардын, анын ичинде, башкалар менен катар, фактыларды тастыктаган ар кандай дооматтардын жыйынтыгында пайда болгон ар кандай милдеттенмелерди, чыгымдарды (анын ичинде сот чыгымдарын) жана зыянды «TezJet» ЖЧКга ордун толтурууга макул болосуз, алар эгерде чындыкка туура келсе, сиздин ушул шарттарды бузууңуз болуп саналат.

Башка сайттарга шилтемелер

Бул вебсайт үчүнчү жактар кармаган интернет-сайттарга шилтемелерди же көрсөткүчтөрдү камтышы мүмкүн. «TezJet» ЖЧКга мындай бөтөн сайттардагы кандайдыр бир маалыматтарга, өнүмдөргө же кызматтарга карата эч кандай башкарбайт жана контролдобойт. Үчүнчү жактардын шилтемелери жана көрсөткүчтөрү сизге ыңгайлуу болушу үчүн гана киргизилген жана «TezJet» ЖЧКга тарабынан жактырууну билдирет. Сиз башка шилтемелерди жана көрсөткүчтөрдү пайдалануу үчүн жеке жоопкерчиликти өзүңүзгө аласыз.

Пайдалануу боюнча чектөөлөр

YСиз бул вебсайтты товарлардын жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн аныктоо үчүн, ошондой эле «TezJet» ЖЧКга менен мыйзамдуу брондоо же бизнес жүргүзүү үчүн гана пайдаланууга макул болосуз. Сиз вебсайтты жеке, коммерциялык эмес пайдалануу үчүн гана колдонууга макул болосуз.

Сиз вебсайттын кызматтарын мыйзамдуу брондоо же соода кылуу үчүн гана пайдаланууга макул болосуз. Сиз жалган брондоону же суроо-талапты күтүү менен брондоону жасабоого макул болосуз. «TezJet» ЖЧКга алдын ала кабарлоосуз бир эле датага же болжол менен ошол эле датага бир же бир нече көздөгөн пункттарга бир нече брондоо менен байланыштуу бардык ырастоолорду жокко чыгара алат.

Сиз «TezJet» ЖЧКга сатып алуу шарттарына, анын ичинде, башкалар менен катар, бардык тиешелүү суммаларды толук жана өз убагында төлөөгө жана тарифтердин, өнүмдөрдүн же кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө тиешелүү бардык эрежелерди сактоого макул болосуз. Сиз вебсатты пайдаланууга байланыштуу келип чыккан бардык жыйымдар, чегерүүлөр, кошумча төлөмдөр, салыктар жана алымдар үчүн жеке жоопкерчилик тартасыз.

Сиз вебсайтты кыянаттык менен пайдаланбоого макул болосуз. «Кыянаттык менен пайдалануу» өзүнө төмөндөгү максаттар үчүн вебсайтты пайдаланууну камтыйт:

  • а) Колдонуудагы мыйзамдарда аныкталгандай, башка адамдардын укуктарын каралоо, куугунтуктоо, коркутуу, мазактоо же башка жол менен бузуу.
  • б) Башка компьютерлерге жана программалык камсыздоого зыян келтирүү же кийлигишүү, анын ичинде бузулган файлдарды же компьютердик вирустарды жүктөө, жүктөп алуу же берүү.
  • в) Колдонуудагы интеллектуалдык менчик, айкындуулук же купуялуулук укуктарын, анын ичинде материалдарды же программалык камсыздоолорду жүктөө, жүктөп алуу же берүү аркылуу бузуу.
  • г) Сиз жүктөгөн же жүктөп алган файлдын келип чыгышын же укуктарын, анын ичинде фирмалык тилди, авторлордун аттарын же патенттер, автордук укуктар же соода белгилери жөнүндө билдирүүлөрдү калтыруу менен жокко чыгаруу же бурмалоо.
  • д) Коммерциялык сырды же башка купуя же корголгон кызматтык материалдарды же маалыматты берүү, жарыялоо же башка жол менен ачыкка чыгаруу.
  • е) Вебсайт аркылуу жайылтууга тыюу салынган файлдарды жүктөө же жүктөп алуу.
  • ж) Веб-сайттын же серверлердин же веб-сайтка кошулган тармактардын ишине кийлигишүү же бузуу, анын ичинде башка колдонуучунун, хосттун же тармактын кирүүсүнө тоскоолдук кылуу аракеттери, анын ичинде ашыкча жүктөө, демилгелөө, жайылтуу, катышуу, башкаруу же вебсайтты «тейлөөдөн баш тартуу», «спам жөнөтүү», «үзгүлтүк болуу», «тез даректөө» же «электрондук почта менен таңуулап бомбалоо» түрүндөгү ар кандай чабуул аракети.
  • з) Ботторду, жөргөмүштөрдү, сканерлерди, аватарларды, интеллектуалдык агенттерди же башка автоматташтырылган процесстерди «TezJet» ЖЧКга компьютердик системасына жөнөтүү же башка жол менен «TezJet» ЖЧКга ар кандай компьютердик жабдууларына, тармагына, сактагычына, киргизүү/чыгаруу түзүлүштөрүнө же башкаруунун электрондук түзүлүштөрүнө же инфраструктурасына негизсиз жүк келтирүү.
  • и) Вебсайт аркылуу алынган ар кандай маалыматты же программалык камсыздоону берүү же веб-сайттан алынган иштерди көчүрүү, түзүү, чагылдыруу, жайылтуу, лицензиялоо, аткаруу, жарыялоо, кайра түзүү, кайра чыгаруу, сатуу же берүү.
  • к) Вебсайтка кирүүдө паролду же жеке идентификациялык номерин жалган колдонуу же өзүнүн инсандыгын же башка адамдын атынан аракеттенүү ыйгарым укуктарын бурмалоо.
  • к) шул Макулдашуунун шарттарын ар кандай ыкма менен бузуу.

«TezJet» ЖЧКга бул вебсайтты кароо учурунда анда «TezJet» ЖЧКга берген маалыматтын тактыгын камсыздоо үчүн акылга сыярлык чараларын көргөн. Бирок «TezJet» ЖЧКга тышкы булактар тарабынан берилген, мисалы, башка маалыматтын жеткирүүчүлөрү же вебсайт менен байланыштуу башка тарап берген бардык маалыматтын тактыгын текшере албайт жана текшерген эмес.

«TezJet» ЖЧКга вебсайтында жайгаштырылган комментарийлер жана башка материалдар ишенүү керек болгон кеңештерге теңештирүүгө арналган эмес. Ошентип, «TezJet» ЖЧКга вебсайтына кирген каалаган адамдын же анын кандайдыр бир мазмунуна ылайык маалымдалышы же аракеттениши мүмкүн болгон башка адамдын мындай материалдарды пайдалануусуна байланыштуу пайда болгон ар кандай милдеттерден жана жоопкерчиликтен «TezJet» ЖЧКга баш тартат.

«TezJet» ЖЧКга вебсайттын үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана маалыматтарды катасыз берүүгө умтулат. Бирок Интернеттин өзгөчөлүктөрүнөн улам бул кепилденбейт жана «TezJet» ЖЧКга алдын ала кабарлоосуз вебсайтта «TezJet» ЖЧКга берген кызматты артка чакыртып алуу же өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Мындан тышкары, сиздин вебсайтка кирүү мүмкүндүгүңүз кээде оңдоо, техникалык тейлөө же жаңы мүмкүнчүлүктөрдү же кызматтарды киргизүү үчүн токтотулушу же чектелиши мүмкүн. «TezJet» ЖЧКга каалаган мындай токтотуунун же чектөөнүн жыштыгын жана узактыгын чектөөгө аракет кылат. Эгерде кандайдыр бир себептен улам «TezJet» ЖЧКга вебсайты каалаган убакта же мезгилде жеткиликтүү болбосо, «TezJet» ЖЧКга жоопкерчилик тартпайт.

Кредиттик картаны пайдалануу

«TezJet» ЖЧКга брондоодо көрсөтүлгөн өлкөлөрдө чыгарылган негизги кредиттик карттарды кабыл алат. Эгерде сизде кредиттик карт жок болсо, сиз онлайн-бронджоо процессинде төлөө баракчасында сизге сунуштала турган альтернативалуу төлөө жолдорунун бири менен төлөөнү тандай аласыз. Сизге жеткиликтүү болгон төлөө жолдору билетке ылайык жөнөтүү ордуна жараша айырмаланышы мүмкүн. Кредиттик/дебеттик картты же башка төлөө ыкмасын пайдалануу менен, сиз буга укугуңуз бар экенин жана онлайн-брондоо процессинде көрсөтүлгөн карттын же эсептин ээси туура экенине макул болосуз. Алдамчылыктын алдын алууга байланыштуу жеңилдетүүчү жагдайларда «TezJet» ЖЧКга каттоодо картты көрсөтүүнү талап кылып, онлайн жүргүзүлгөн брондоого төлөө үчүн колдонулган картты текшерүү укугун өзүнө калтырат.

Коопсуздук

«TezJet» ЖЧКга сиз вебсайттын жардамы менен «TezJet» ЖЧКга берген маалыматтын купуялуулугун камсыздоо жана санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн бардык акылга сыярлык чараларды көрөт. Бул чараларга карабастан, «TezJet» ЖЧКга бул маалыматтарга санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгү эч качан болбойт деп кепилдик бербейт. «TezJet» ЖЧКга бул «TezJet» ЖЧКга одоно этиятсыздыгынан улам пайда болгон учурлардан тышкары, мындай санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт жана мындай учурда сиз сатып алган кызматтын максималдуу наркынын өлчөмүндө компенсацияга укуктуу болосуз.

Коопсуздук боюнча маалымат

Жеке маалыматтар менен онлайн-төлөмдөрдүн жана башка бардык транзакциялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн вебсайтта SSL (маалыматты коргоо протоколу) технологиясы колдонулат. SSL сиздин компьютериңиз менен «TezJet» ЖЧКга ортосундагы бардык кошулууну маалыматты биз гана окуп жана бизге гана түшүнүктүү болгондой шифрлейт. Негизинен браузердин терезесиндеги бекитилген кулпу коопсуз кошулууну көрсөтөт. Кошумча маалымат алуу үчүн сиздин браузериңиздин коопсуздук спецификацияларына кайрылыңыз. Эгерде сиздин браузериңиз SSL менен жабдылса, сиздин транзакция автоматтык түрдө корголот. Коопсуз вебсайтты белгилөө үчүн Интернеттеги жалпы стандарт браузердин төмөнкү бөлүгүндөгү бекитилген кулпу болуп саналат. Кулпу бекитилген түрдө чагылдырылганда сиздин маалыматыңыз коопсуздукта болот жана кыянаттык менен пайдалануудан алыс болуу үчүн шифрленет. Эгерде сиз коопсуз транзакцияга шилтемени бассаңыз жана мурдагыдай эле бекитилген кулпуну көрбөсөңүз, себеби ал башка фреймде турганында болушу мүмкүн. Сизде кошулуу коопсуз экенин текшерүү үчүн (Internet Explorer браузеринде), чычкандын оң баскычын басыңыз жана касиеттерин, андан кийин сертификаттарын тандаңыз. Ошондо сиз кошулуу коопсузбу же жокпу көрө аласыз. Башка ыкма (Netscape Navigator) – бул чычкандын оң баскычын басуу жана тексттин төмөн жагындагы «кадр жөнүндө маалыматты көрүү», сиз коопсуздук жөнүндө маалыматты көрөсүз.

Балдар

«TezJet» ЖЧКга ЖЧК балдардан же алар жөнүндө Жеке маалыматты атайлап сурабайт жана чогултпайт, ошондой эле ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун макулдугусуз «TezJet» ЖЧКга ЖЧК өнүмдөрүн же кызматтарын атайлап сатпайт. Эгерде «TezJet» ЖЧКга ЖЧК «TezJet» ЖЧКга ЖЧКнын вебсайтынын каалаган бөлүгү аркылуу Жеке маалыматты берген адам бала экенин билсе, «TezJet» ЖЧКга ЖЧК бул Жеке маалыматтарды «TezJet» ЖЧКга ЖЧКнын файлдарынан болушунча эрте өчүрүү үчүн акылга сыярлык аракеттерди көрөт. Эгерде ата-энеси же мыйзамдуу камкорчусу «TezJet» ЖЧКга ЖЧК Жеке маалыматты аныктап жана өчүргөнгө чейин өзүнүн баласы жөнүндө Жеке маалыматты кароону же өчүрүүнү сураса, анда «TezJet» ЖЧКга ЖЧК мындай суроо-талапты аткарат. «TezJet» ЖЧКга ЖЧК бала үчүн онлайн-брондоону аткарууда талап кылынган өздүк маалыматтан тышкары, балдар жөнүндө кандайдыр бир Жеке маалыматты чогултпайт жана ата-энеси же мыйзамдуу камкорчусу тарабынан берилиши керек.

Паспорттор

Сиздин сапарыңыз убагында жарактуу паспорт бар экенин текшериңиз. (Айрым багыттарда сиздин паспортуңуздун белгилүү бир убакыт ичинде жарактуу болушу талап кылынат; негизинен сапарды аяктагандан кийин 6 ай ичинде). Ошондой эле сизге айрым багыттар үчүн виза алуу талап кылынышы мүмкүн, мында сиз бул үчүн өзүңүз жоопкерчилик тартасыз.

Брондоодо сиздин атыңыз (жана ал үчүн сиз брондоону тариздеген башка адамдын (адамдардын) аты) паспортто көрсөтүлгөн сиздин (же ал үчүн сиз брондоону тариздеген башка адамдын (адамдардын) аты менен так дал келгенин текшеришиңиз керек.

Эгерде паспортко же визага карата талаптар жөнүндө кошумча маалымат талап кылынса, сиз сапар жасай турган өлкөнүн элчилигине кайрылуу талап кылынат. Сапардын эрежелерин сактабагандык жүргүнчүгө көздөгөн өлкөгө кирүүдө баш тартылышына же токтотууга, депортациялоого же абакка камоого алып келиши мүмкүн жана мындай жагдайларда сиз же«TezJet» ЖЧКгакомпаниясы (же «TezJet» ЖЧКга агенттери же кызматчылары) тартышы мүмкүн болгон ар кандай чыгымдар, чыгашалар же зыян үчүн сиз жеке жоопкерчилик тартасыз.

Аэропорт жыйымдары

Айрым аэропорттор учууда аэропорттук жыйымдарды алышат, аны жүргүнчү аэропортто жеринде төлөйт. Бул жыйымдар жөнүндө маалымат «TezJet» ЖЧКга көрсөткөн тарифтердин алкагында берилбейт жана ал үчүн сиз жеке жоопкерчилик тартасыз.

Камсыздандырууга/ден соолукка карата талаптар

Сиз баруучу же жолдо токтой турган пункт үчүн иммунизациялоо сунушталышы же зарыл болушу мүмкүн – сураныч муну дарыгериңизден тактаныз. «TezJet» ЖЧКга чет өлкөгө бардык сапарлар үчүн тиешелүү туристтик камсыздандырууну алууну сунуштайт.

«Ден соолук жана саякат» бөлүмүндө камтылган ар кандай маалымат жана кеңештер жалпы жетекчилик үчүн гана арналганына жана сизге же сиздин конкреттүү жагдайларыңызга тиешелүү эместигине көңүл буруңуз. «Ден соолук жана саякат» бөлүмүнүн бардык контенти жалпы маалымат үчүн гана арналган жана дарыгериңиздин же башка медициналык адистин медициналык консультациясын алмаштыруу катары каралбашы керек. «TezJet» ЖЧКга нын «Ден соолук жана саякат» бөлүмүнүн мазмунунун негизинде сиз койгон диагноз үчүн «TezJet» ЖЧКга жоопкерчилик тартпайт жана мыйзамда максималдуу деңгээлде каралган «TezJet» ЖЧКга жоопкерчилигин жокко чыгарат. Эгерде ден соолугуңузга, учууга жана/же көздөгөн/токтой турган өлкөгө байланыштуу тынчсыздансаңыз, өз дарыгериңизге кайрылышыңыз керек.

Валютаны конвертациялоо

Валюталар курсу бир нече жалпы жеткиликтүү булактарга негизделген. Мындай курстардын тактыгы текшерилбейт жана иш жүзүндөгү курстар айырмаланышы мүмкүн. Валюталардын котировкасы күн сайын жаңыртылбашы мүмкүн. «TezJet» ЖЧКга бул тиркемеде берилген маалыматтын тактыгына ишенет, мында «TezJet» ЖЧКга мындай тактыкты бекитпейт жана кепилдебейт. Мындай маалыматты кандайдыр бир финансылык максаттарда пайдаланууда «TezJet» ЖЧКга сизге валюталар курсунун тактыгын текшерүү үчүн квалификациялуу адистен консультация алууну кеңеш кылат. «TezJet» ЖЧКга мындай маалыматты жеке пайдалануудан тышкары, кандайдыр бир башка максаттар үчүн пайдаланууга уруксат бербейт жана максималдуу жол берилген деңгээлде бул маалыматты коммерциялык максаттарда кайра сатууга, жайылтууга жана пайдаланууга тыюу салат.

Ташуу шарттары

Жүргүнчүлөрдү жана алардын багажын аба менен ташуу тиешелүү ташуучуну ташуу шарттарына ылайык жүргүзүлөт. «TezJet» ЖЧКга рейстерине байланыштуу «TezJet» ЖЧКга Жүргүнчүлөрдү дана багажды ташуу боюнча жалпы шарттары менен таанышууну өтүнөбүз.

Вебсайтка байланыштуу жардамга кайрылуу

Онлайн брондоо

Эгерде сизде онлайн-брондоого байланыштуу суроолор жаралса же эгерде сиз брондоодо көйгөйлөргө кабылсаңыз, биз менен байланышууну өтүнөбүз.

Брондоого байланышпаган суроо-талаптар

Эгерде бул вебсайт менен өз ара аракеттенүү убагында сизде кандайдыр бир техникалык көйгөйлөр жаралса, биздин жергиликтүү кеңсеге жардам сурап кайрылууну өтүнөбүз.

Колдонулуучу укук жана ушул Саясатты бузуу

Ушул вебсайтты пайдалануу шарттарына карата колдонулуучу мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдары болуп саналат, мында Кыргыз Республикасынын соттору кандайдыр бир талаштар пайда болгон учурда артыкчылыктуу юрисдикцияга ээ болот.

«TezJet» ЖЧКга сиз вебсайтты пайдаланганда ушул Саясатты бузуу орун алганды аныктайт. Ушул Саясатты бузуу учурунда «TezJet» ЖЧКга максатка ылайыктуу деп эсептеген аракеттерди көрөт, анын ичинде вебсайтка кирүү мүмкүндүгүнөн баш тартат, сизге каршы соттук териштирүүнү козгойт жана «TezJet» ЖЧКга максатка ылайыктуу деп эсептеген мындай маалыматты укук коргоо органдарына ачыкка чыгарат.

Тиркемени Tez жүктөп,
ыңгайлуу учуңуз!

Бул QR кодду сканерлеп,Tez тиркемесин жүктөп алыңыз