Чоңдор
1
Жаш балдар
0
Наристелер
0
Улгайган жарандар
0
26-ноябрда Жалал-Абад каттамында толук салон менен уча турган рейс болду. Борттогу башкы бортпроводница Роза Фришко жана бортпроводница Аделия Мамбетова жетектеп жатышкан.
Бортто ымыркай болгон, жана биз анын оор медициналык маселелери бар экенин (эки тараптуу пневмония) билген эмеспиз. Учуу учурунда ымыркайдын деми токтоп калды. Биздин экипаж заматта чара көрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ымыркайды сактап калды.
Алардын ыкчам жана кесипкөйлүк менен иш-аракетинин аркасында бир өмүр сакталды. Биздин кызматкерлерибиздин мындай кайратмандыгына абдан сыймыктанабыз. Чыныгы баатырларыбызга терең ыраазычылык! Молодцы!