Биз жөнүндө

ТезДжет – бул Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында жайгашкан, үзгүлтүксүз рейстерди аткарган авиакомпания. 2013-жылы негизделген авиакомпания өз ишин 2014-жылдын августунда баштаган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын алты аэропортуна үзгүлтүксүз рейстерди аткарат, биздин башкы оперативдик базабыз Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда жайгашкан. Команда эл аралык жана ички тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу башкаруу кадрларынан турат.

Биздин аракетибиз жетүү оор, көп эмгекти талап кылган, ал эми айрым учурларда жолдо жетүүгө мүмкүн болбогон Кыргыз Республикасынын бардык бөлүктөрү менен (өлкө ичинде, ошондой эле чет өлкөлөрдө) коопсуз, экономикалык жактан натыйжалуу, ишенимдүү, кесипкөй жана өз убагында каттамды камсыз кылууга багытталган. Туруктуу аба каттамы өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн колдойт.

Биз жергиликтүү туризмди жайылтууга жана жергиликтүү бизнести колдоого көмөктөшөбүз. 2013-жылдан бери адамдарды бириктирип, улуттук курулушка салым кошуп келе жатабыз.